Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуӨзгөн району 05.04.2019 12:41 На русском

Өзгөндө жеңил унаа ала салып, айдоочу каза болду (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунда жеңил унаа ала салып, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Окуя 4-апрель күнү саат 17:55 чамасында Мырза-Аке айылында катталган. Өзгөн районунун 1968-жылы туулган тургуну Т.Э. өзүнүн «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаасынын рулун башкара албай, унаа оодарылып, жолдун четиндеги вагонду сүзүп токтогон. Анын кесепетинен унаанын айдоочусу денесинен алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми унаанын ичиндеги жүргүнчү — Өзгөн районунун 1977-жылы туулган тургуну К.Ж. денесинен жаракат алып, Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилген.

Учурда бул окуя боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, Өзгөн РИИБ тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×