Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 01.04.2019 10:45

Өзгөндө жөө адамды унаа сүзүп өлтүрдү

Turmush -  Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда автоунаа сүзүп кеткен 46 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

30-март күнү саат 20:00 чамасында Өзгөн районунун Жылалды айылында Өзгөн районунун 1973-жылы туулган тургуну М.Р. өзүнүн «Дэу Тико» үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жатып, жолдун оң тарабында бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Жөө жүргүнчү Өзгөн районунун 1973-жылы туулган тургуну С.А. (эркек киши) экендиги аныкталган. Кырсыктын кесепетинен С.А. денесинен алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган факты боюнча Өзгөн РИИБ тарабынан тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×