Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 30.03.2019 14:25 На русском

Мекендештер: Кореяда иштеген Нурмухаммед сатуучунун маңдайында эмне кылганын айтып берди

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынын 21 жаштагы тургуну Нурмухаммед Турдугулов Түштүк Кореянын Ульсан деген шаарында жашайт. Ал бул жакта келишим менен заводдо иштейт.

"Мектепти бүтүп, атайын курстарга барып, англис жана корей тилин үйрөнгөм. Миграциялык борбордон корей тилинен сынак тапшырып, андан өтүп кеттим. Иштеген заводдо кеменин моторунун тышын жасайбыз. Жумушубуз оор, чыдап иштесе болот. Мен мотордун тышы чыкканда болгарка менен ашыкча темирлерин колду кесип кетпегендей кылып тазалайм жана жууйм.

Бул өлкө мага жакты. Таң калганым, бир дагы жерди калтырбай иштетишет. Бизде Кыргызстанда андай эмес. Элдери убакытка так, тынбай иштешет. Жакында эле мени менен иштеген корей жолдо таштанды кагаздар жатканын көрүп, “ эмнеге ыргытышат?” деп катуу ызырынып, аны барып тазалап койду.

Корея аябай кооз өлкө. Шаарлары, көчөлөрү бири-бирине аябай окшош. Ууру аттуу дегендер жок. Мисалы, телефонду эшикке коркпой эле коюп кетсең болот. Эч ким албайт, бүт жерде камералар бар, көзөмөлдөп турушат. Бирок корейлердин жашоосу кызыксыз өткөндөй сезилет. Үй-жумуш менен чектелип калган, башка кызыктуу нерселери жок. Элдери аябай жакшы, мигрантсың деп бөлбөйт, өз элиндей көрүшөт. Көбүнчөсү ишенимдүү болушат.

Ульсан шаары сууга жакын, дайыма шамал болуп турат, кышында кар жок. Жайында аябай ысык, эч нерсе кылбасаң деле тердей бересиң. Жазында, күзүндө аба ырайы жакшы. Муздак эмес, ысык эмес, орточо болот”, - деди ал.

Нурмухаммед Турдугулов кызыктуу окуяларын дагы айтып берди.

“Кореянын бир шаарында тууганым жашачу. Бир күнү алардыкына конокко бардым. Ал жерден чыгып, кайра заводго барайын деп, туура эмес автобуска түшүп алыптырмын. Ал автобус шаардын четине чыгып кетет экен. Ага отуруп, качан жетебиз деп күтүп кете бербептирмин. Шаарды дагы жакшы билчү эмесмин. Автобус шаардын четине чыкканда, кайда кетип калдым деп корко баштадым. Автобуска отуруп жатканда жол билетимди да түшүрүп алыптырмын. Билетим банктын картасы менен байланыш эле. Акчамдын баары ошол картада болчу. Айла жок автобустан түшүп калдым. Эми эмне кылам деп өзүмдү жоготуп койдум. Жөө жүрүп отуруп, карта алган банкты таап бардым. Жоготуп алдым деп түшүндүрсөм, 5 мүнөттө эле кайра чыгарып беришти. Ошондо аябай сүйүндүм.

Дагы бир жолу дүкөнгө кирип калдым. Анда жаңы келген элем. Тамак-аш алайын деп киргем. Өзүмө керектүү бир нерсенин атын таппай, сатуучуга жаңсап да, айтып да түшүндүрө албай койдум. Анан айла кетип, эч нерсе албай чыгып кеттим. Сатуучу аял мени “жинди” деп ойлоп калды окшойт.

Бош убактым деле жок. Дем алыш күнү бошогондо велосипед тебем, футбол ойнойм, досторума кээде эле жолугам. Алардын баары эле алыс шаарларда. Келечектеги максатым - келишимим бүтсө Кыргызстанга барып, жогорку билим алам. Андан кийин өлкөмө жер иштетип салым кошсом деген пландарым бар”, - деди ал.

Мекендешибиз беш бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×