Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 26.03.2019 18:54 На русском

Видео — Өзгөндө бийиктиги 1 метрге жеткен кумура табылды

Turmush -  Өзгөн районуна караштуу Мырза-Арык айылынын 31 жаштагы тургуну Кыяз Бакиров жер казып жатып, бийиктиги 1 метр болгон тандыр сымал кумура таап алганын аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, 23-март күнү кечке жуук жаңы даараткананын чуңкуру казылып жаткан учурда капысынан тандыр сымал кумура табылган. Ага чейин дагы тиричилик буюмдары чыккан.

«Өзгөн шаары чындыгында эле байыркы шаар болгон экен деп ойлоп калдым. Анткени буга чейин дагы мурунку кылымдарга таандык буюмдар чыккан. Учурда кумура үйүмдө турат. Бүтүн бойдон казып чыгара алган жокпуз. Кичине сынып кетти», - деди Кыяз Бакиров.

Буга чейин 26-декабрь күнү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагына караштуу Биринчи май айылындагы мүрзөдөн жергиликтүү тургундар 3 кумура таап алышып, кайра жерге көмүп салышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×