Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 26.03.2019 12:27

Өзгөндө кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр туугандарынын үйүнө көчүрүлүүдө

Turmush -  Өзгөн районуна караштуу Зергер айыл өкмөтүнүн жашоочуларын туугандарынын үйүнө көчүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Динмухаммед Бокошев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 400 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт.

«Айыл өкмөттөгү жерлердин басымдуу бөлүгүндө жер көчкү түшүү коркунучу бар. Өткөн жылы 97 үй-бүлө убактылуу туугандарынын үйүнө көчүрүлгөн. Башка жактан жер берилсе дагы көчпөй жаткандар бар. Учурда 121 үй-бүлөнү көчүрүү боюнча соттун чечими чыгарылып, 15 үй-бүлөнү көчүрдүк. 479 үй-бүлөгө коопсуз аймактан жер берилген. Эми 300 үй-бүлөгө берилет», - деди Д.Бокошев.

Өзгөн районунун акиминин орун басары Болот Дыйканбаевдин айтымында, район боюнча 1014 түтүн кооптуу аймакта жашашат.

«Райондо Зергер, Көлдүк, Жалпак-Таш, Чангет, Ийри-Суу, Салам-Алик айыл өкмөттөрүндө жер жарылуу, жер көчкү жүрүү коркунучтары бар. 1014 үй-бүлөгө коопсуз аймактан жер берилиши керек. Азыр жер бериле турчу аймактар трансформация болуп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×