Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 25.03.2019 20:00

Өзгөндөгү мал базардын аймагына сибирь жарасы менен ооруган мал көмүлгөн, - жергиликтүү ветеринарлар (видео)

Turmush -  Өзгөн районунун Куршаб айылында жайгашкан мал базардын аймагы мурда сибирь жарасы менен ооруган малдарды дарылоочу ветеринардык лаборатория болгон. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Куршаб айылынын жергиликтүү ветеринарлары айтышты.

Алардын айтымында, 1980-жылдары мал базар жайгашкан жерде сибирь жарасы менен ооруган малдар өрттөлүп, көмүлгөн. Эреже боюнча сибирь ылаңы катталган аймакта 100 жылга чейин эч кандай курулуш иштери жүрбөш керек. Учурунда мал базардын аймагындагы ветеринардык лабораторияда иштегенин айткан Жалалидин Нематов сибирь жарасы чыгышы мүмкүн деген коркунучка карабай, 2016-жылдан бери мал базар иштеп келе жатканына кейийт.

«1990-жылы азыркы мал базар курулган аймак ээн жаткан жер болчу. Мал дарылоочу жай бар эле. Ал учурда мен ветеринар болуп иштечүмүн. 1996-жылдары жерлер менчиктештирилип кеткенден кийин оорукананын буюмдары ошол жерде калган. Кийин ал буюмдарды сактап калуу боюнча жоопкерчилиги чектелген коом түздүм. Азыр аталган жайда бир нерсе табылса эле мага биринчи кайрылышат. Мурун ал жерде эт комбинаты менин уруксатым менен иштечү. 2016-жылы 2-августта мал базар курулду. Мал базар болчу жер турак жайлардан 200 метр, азык-түлүк дүкөнүнөн 200 метр алыста болушу керек. Бирок азыр мал базарга жакын жерде үйлөр бар. Кудай сактасын, малдагы ылаңдар суу менен кошо акса жашоочулар ооруйт да. Анан сибирь жарасы бар экени аныкталса, башка мамлекеттер биз менен болгон чек араны жабышат. Ушул маселени көңүл сыртында калтырып жатышат», - деди Ж.Нематов.

Убагында ал жердеги мал ылаңдарын дарылоочу жайда иштегенин айткан дагы бир ветеринар Жакып Асанов бир учурда кутурма оорусунан 2 жаран каза болгонун айтты.

«Ал жерде мал ылаңдарын дарылоочу жай болгон эмес деп айтып жатышат. Учурунда ошол жайда малдарды дарылачубуз. Азыр мал базар жайгашкан аймакта суу агат. Ошол суудан эл ичет. Мурун ошол жайдан кутурма чыгып, эки адам көз жумган. Ал жайда сибирь жарасы менен ооруган малдардын өлүгү көмүлгөн болсо, анан кантип мал базар курулуп калышы мүмкүн?», - деди Ж.Асанов.

Укук коргоочу Жунус Ниязов маселенин жарасы күндөн-күнгө ырбап бара жатканын айтып, коопсуздук тууралуу сөз кылды.

«Бизге кысым көрсөтүлүп жатат. Бул маселе боюнча өкмөткө кат жолдогонбуз. Өкмөттүн жообунда мал базар калктуу конушта жайгашкан деп айтылган. Бул туура эмес жайгашкан деген сөз да. Менин билишимче мал базар жайгашкан аймакта 50дөй түтүн жашайт. Биздин коопсуздугубузду ким карайт? Бул маселенин чечилишинен абдан кооптонуп турабыз. Бул жерде элдин кызыкчылыгын дагы эске алуу керек», - деди ал.

Буга чейин Turmush басылмасы Куршаб айылындагы мал илдеттерин аныктоочу ветеринардык бактериялык лаборатория 1983-жылы сибирь жарасынын чордону деп табылганын жазган. Ал жерге Токтали Мирзалиев деген жеке ишкер мал базар ачкан. Мал базардын ээси Т.Мирзалиев ооруп жаткандыгына байланыштуу аймактык кабарчы анын тууганы Тажидин Ахунов менен байланышкан.

«Бул жерде сибирь жарасы табылган эмес. Бизде лабораториянын корутундулары бар. Шарабидин Бегматов мал базардын 5 жеринен топурак алып, лабораторияга жөнөткөн. Эч кандай илдет жок деген жыйынтык чыккан. Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын башчысы Сүйүн Абдуллаев өзү келип, текшерип кеткен (Сүйүн Абдуллаев мурун Ош облусунун ветеринардык башкармалыгында эмгектенген. Ошол учурда текшерүү жүргүзгөн)», - деген Тажидин Ахунов.

Ал эми Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын башчысы Сүйүн Абдулдаев комиссия түзүлүп, аталган жердин топурагы текшерилгенин айткан.

«Мен ал кезде облустук ветеринария башкармалыгында иштечүмүн. Атайын комиссия менен сибирь жарасынын чордону делген жерден топурактарды алып, лабораторияга жөнөткөнбүз. Корутундусунда эч кандай сибирь жарасы жок деген жыйынтык чыккан», - деген Сүйүн Абдулдаев.
Ал эми Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Ташиев бул маселе боюнча текшерүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирген.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×