Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 23.03.2019 15:44 На русском

Өзгөндө окуучулардын арасында жаңжал чыгып, тапанчадан ок атылды

Turmush -  Өзгөн районунда 10-11-класстын окуучуларынын арасында чыр чыгып, газ-травматикалык тапанчадан ок атылды. Анын кесепетинен бир окуучу жаракат алды. Бул тууралуу маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

17-март күнү Өзгөн районунун ички иштер башкармалыгынын нѳѳмөт бөлүмүнө Жазы айыл аймагынын Кара-Дыйкан айылынын тургуну 2002-жылы туулган У. уулу Н. денесинен жаракат алып, Өзгөн районунун ооруканасына кайрылганы тууралуу кабарлашкан. Аталган окуя боюнча Өзгөн РИИБдин ыкчам-тергөө тобу текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Маалыматка караганда, 17-март күнү Өзгөн районунун Жазы айылынын тургундары — 2003-жылы туулган Д. уулу О., 2004-жылы туулган А. уулу Ш. жана 2003-жылы туулган К. уулу Б. Жээринчи айылын көздөй келе жатышып, жабырлануучу У. уулу Н. менен кайым айтыша кетишкен. Пикир келишпестиктен улам 11-класстын окуучусу Д. уулу О. газ-травматикалык тапанчадан ок чыгарып, ок жабырлануучунун ээгине жана мойнуна тийген. Далил катары газ-травматикалык тапанча укук коргоо кызматкерлери тарабынан алынды.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 266-беренесинин (Бейбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×