Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 23.03.2019 10:33

Өзгөндө 3,4 млн сомго көпүрө курулду (сүрөт, видео)

Turmush -  Өзгөн районуна караштуу Өзгөн жана Чангет айылдарын бириктирген жаңы көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Чангет айыл өкмөтүнүн башчысы Максытали Ниязов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, көпүрө курууга 3 млн 400 миң сом сарпталган.

«Айыл өкмөттөгү Өстүрүү-Ачы айылына узундугу 11 метр, туурасы 5 метр болгон жана 30 тонна жүктү көтөрө алган көпүрө курулду. Нооруз майрамына карата чоң маараке өткөрүлүп, көпүрөнүн кызыл тасмасы кесилди.

Аземге Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов жана айыл аксакалдары катышты. Көпүрөгө өткөн жылы түрткү берүүчү гранттан 2 млн сом бөлүнүп, гранттын эсебинен курулду. Көпүрөнүн 1 млн 400 миң сомго бааланган жери карызга бүткөрүлдү. Буга чейин көпүрөлөрдү суу ташкыны алып кеткендиктен бул жолу бир капталы 40 метр, экинчи капталы 60 метр болгон дамба курулду», - деди Максытали Ниязов.

Аталган айыл өкмөтүндө 2008-жылы көпүрө курулуп, бирок 2013-жылы аны суу алып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×