Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 22.03.2019 18:13 На русском

Москвадагы жигит милицияга 16 жаштагы кыз ыпылас аракетке кабылганын айткан

Turmush -  Өзгөн районунун укук коргоо кызматкерлери Өзгөн районунун тургуну жээни — 16 жаштагы кыз зордукталды деген маалыматты текшерип жатышат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан дагы тастыкташты.

Зордуктоо жөнүндө маалымат 21-март күнү Өзгөн РИИБдин нѳѳмөт бөлүмүнө Россиянын Москва шаарында жашап жаткан Бахтияр аттуу жарандан телефон аркылуу келип түшкөн. Ал Өзгөн районунун 16 жаштагы А.Н. аттуу жашоочусунун таякеси — 1999-жылы туулган К. уулу С. жыныстык катнашка мажбурлап жатканы жөнүндө маалымат берген.

Аталган окуя боюнча Өзгөн РИИБдин ыкчам-тергөө тобу айтылган дарекке барышып, А. кызы Н.га карата ыпылас аракеттер жасалып-жасалбагандыгын тактоо үчүн соттук-медициналык жана биологиялык экспертизаларды дайындаган. Экспертизанын жыйынтыгында зордуктоонун белгилери аныкталбагандыктан К. уулу С. камакка алынган жок.

Аталган факт Өзгөн РИИБде катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×