Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 22.03.2019 11:03 Жаңыланды: 22.03.2019 11:34

Кыргызстандын кайсыл айылында Нооруз алгычкы жолу белгиленди? (видео)

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Чаңгет айыл өкмөтүндө быйылкы Нооруз майрамы сармерден таймашынын коштоосунда өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анда айылдагы өнөрпоз адамдар биригип, эки боз үй тиккен соң, айыл элине майрамдык шаң тартуулашты.

Өзгөн районунан 40 чакырым, ал эми Жалал-Абад шаарынан 30 чакырымдай аралыкта жайгашкан тоо боорундагы элеттиктер майрамды ыр, күлкүнүн коштоосунда өткөрүштү.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айыл өкмөттө мындай маданий иш-чара алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Буга чейин Нооруз сыяктуу майрамдар бир гана райондун борборунда белгиленип, айылдын жашоочулары мүмкүнчүлүктөрүнө жараша Өзгөн районуна барышчу.

Алгачкы жолу уюштурулуп жаткан маданий иш-чарага айыл өкмөттүн башчысы, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана элеттин жашоочулары катышып, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү элди Нооруз майрамы менен куттуктап, каалоо-тилектерин айтышты.

Чаңгет айылында 5 миңге чукул калк жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×