Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 18.03.2019 18:54 На русском

Өзгөндө 6 чөө атылды (сүрөт, видео)

Кышкысын жок кылынган чөөлөр
Кышкысын жок кылынган чөөлөр

Turmush -  Өзгөн районунда жырткычтарды жок кылуу максатында атайын рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош-Баткен аңчылар коомунун инспектору Улукбек Сейдалиев билдирди.

Рейддин жүрүшүндө Большевик жана Кароол айылдарында 6 чөө атылды.

«Жырткычтар акыркы убакта айыл чарбасына жана коён, суур, кекилик, кыргоол сыяктуу жапайы жаныбарларга зыянын тийгизип жаткандыктан рейд уюштурулган. Рейдге жалпысынан 20дан ашык мергенчи катышып жатат», - деди У.Сейдалиев.

Мындай рейд Кара-Суу районунда дагы жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×