Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 24.04.2019 18:00 На русском

Айыл турмушу: Өзгөндөгү наабайчы айымдар топ түзүп, 3 жылдан бери нандын түрүн жасашат (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Ана-Кызыл айылынын жашоочулары «Ширин нан» тобун түзүп, 3 жылдан бери нандын түрүн жасап келишет. Айылда мындай топтор көп түзүлүп, бирок баары эле туруктуу иштеп кетпегенин топтун жетекчиси Гүлгаакы Сатарова кабарчыга айтып берди.

- Гүлгаакы айым, нан бышырып сатып, ишкердик менен алектенүүгө эмне түрткү болду?

- Алгач жашылча өстүрүүчү топ болуп түзүлүп, көп окуулардан өттүк. Бир күнү кошунабыз той өткөрөрүн айтып, 50 тандыр нанга (патыр нан) буйрутма берди. Ортодогу фонддогу акчабызга 1 кап ун сатып алып, 60 нан жаптык. 50 даанасын буйрутма берген эжеге сатып, калган 10 нанды топтун мүчөлөрү бөлүп алдык. Ошентип нан жасап сатуу идеясы келип, тойлорго тандыр нан жасап сата баштадык. Учурда ортодогу фондубузда 6 миң сом бар.

- Буйрутма болбой калган күндөрү нан жасабай каласыздарбы?

- Буйрутма түшпөгөн күндөрү нандарды Өзгөн базарына барып сатып келебиз. Нандын бир даанасы 20 сомго бааланат. Эгер кардар 2 нан сатып алса, акчасынын калганын кайтарып бергенге 10 сом таппай калабыз. Ошондуктан 10 сомдук токоч да жаап коёбуз. Базардагы кардарлар бизди таанып калышкан, «силердин наныңар жакшы» деп дароо эле талап кетишет. Кээде баланын кыркын чыгаруу жөрөлгөсү үчүн 40 токочко буйрутма беришет.

- Нан сатуудан канча киреше түшөт, эң көп канча нанга буйрутма алдыңыздар эле?

- Камырды алгач нанга, токочко тууралап, таразага тартып алабыз. Нан 560 грамм, токоч 250 грамм, тандыр нан (патыр нан) 1 кг 100 грамм болушу керек. Наабайчылар биздин бир нандан 3 нан жасашат. Биз элге пайда болсун деп граммдан кемитпейбиз. Ошентсе деле пайда түшөт экен. Бир жолу түнкү саат он экиге чейин 300 кадимки нан, 80 тандыр нан жапканбыз.

- Эмгек акыны кантип бөлүштүрүп аласыздар?

- Эки кезмет менен иштейбиз. Жумуштарды бардыгыбыз кезек менен аткарабыз. Мисалы, бүгүн камыр жууруган адам эртеси нан жаап, андан кийин базарга алып барып сатат. Ошондуктан айлыгыбыз тегиз берилет. Топтун ар бир мүчөсү буйрутма аз болсо 3 миң сомдон, көп болсо 5 миң сомдон алат. Тактап айтканда, эмгек акы буйрутмага жараша болот.

- Топтун 3 жылдан бери туруктуу иштеп жатканынын сыры эмнеде?

- Биринчиден бош отурбай, экинчиден чай-чамекке акча болсун деп иштейбиз. Жолдошубуз менен айтышпай, биригип алып нан жаап, чер жазышабыз. Ушул жагдай бизге жагып, тарабай туруктуу иштеп келебиз. Бизге суктангандар көп, бирок эмнегедир топ болуп биригише элек.

- Нан жапкандан сырткары эмне жумуш менен алектенесиздер?

- Кызга сеп даярдайбыз. Айыл өкмөт башчыбыз 2 тигүүчү машина сатып берди. Эми кызыккандар болсо дагы бир топ түзүп, чеберчиликти алып кетүүнү пландап жатабыз.

- Жумуш бар жерде көйгөй да бар. Кандай кыйынчылыктар болуп жатат?

- Нанды өзүбүз жашаган үйдө бышыра албайбыз. Ошондуктан бош турган үйдү ижарага алганбыз. Айына ижара акысына 500 сомдон төлөйбүз. Айыл өкмөт башчыбыз жер берген. Ошол жерге нан жапканга ылайыктуу шарт түзүп, тандыр куруп алсак сонун болмок. Нан жасаганга стол, тандыр алып, кыскасы өзүбүзгө ыңгайлаштырып шарт түзүп алып иштесек деген ойлорубуз бар. Ошондой эле жашылча өстүрүүнү да пландап жатабыз.

- Келечекке кандай пландарыңыз бар?

- Айыл өкмөт башчыбыз кондитердик азыктарды жасай турган болсок бала бакча, мектептер менен байланышып, аларды сатууну жолго салып берүүнү убадалады. Ишкерликтин бул түрүн өнүктүрүүгө абдан кызыкдарбыз. Учурда топто 5 аял эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×