Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуӨзгөн району 26.04.2019 23:45

Элдик уламыш: Согушта канга толгон Кандава айылынын таржымалы (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун Алтын-Булак айыл өкмөтү 2003-жылга чейин Кандава аталган. Айыл өкмөттүн аталышы тууралуу айыл аймактын башчысы Тынчтыкбек Садыков кабарчыга айтып берди.

Тынчтыкбек Садыков: «Эл ичинде Кандава айылы тууралуу уламыштар айтылып жүрөт. Илгери биздин айылда согуш болуп, кан төгүлүп, кан дөбөдөй болуп калган дешет. Ошондон улам кан дөбөдөй төгүлгөн айыл — Кандөбө айылы деп калышкан экен. Кийинчерээк биз СССРдин карамагына кирип, орус улутундагы адамдар көбөйө баштаганда алардын Кандөбөгө тили келбей, Кандава деп айтылып калыптыр. Биздин айыл өкмөт 2003-жылга чейин Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караган. 2003-жылы 6 айыл менен биргеликте Мырза-Аке айыл өкмөтүнөн бөлүнүп чыгып, аксакалдардын кеңеши менен Алтын-Булак айыл өкмөтү деп өзгөргөн. Учурда айыл өкмөттө Кандава деген айылыбыз да бар», - деди Т.Садыков.

Айыл өкмөттө булактар көп болгондуктан Алтын-Булак аталып калган. Айыл аймактын карамагында Чечебай, Кандава, Сасык-Булак, Алтын-Булак, Таш-Башат, Кара-Баткак айылдары бар. Жергиликтүү эл мал чарбачылык жана дыйканчылык менен күн кечиришет.

Ошондой эле 2 орто мектеп, 1 башталгыч мектеп, 2 ФАП, 2 маданият үйү жайгашкан. 4 айыл таза суу менен камсыз болгон. Учурда калкынын саны 3 миң 622 адамды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×