Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуӨзгөн району 14.01.2019 13:02 На русском

Өзгөндө иске ууланып каза болгон Лира эгиздин түгөйү болчу. Анын артында уулу калды (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунда иске ууланып каза болгон аял эгиздин түгөйү болчу. Окуя чайханалардын биринде болгон.

Чайхананын администратору Кымбат Паязованын айтымында, маркум эжеси менен дүкөндө сатуучу болуп иштечү.

«Өзгөн шаарындагы "Батма эне" ресторанында жана "Азим-Ата" чайханасында эже-сиңди ижарага бөлмө алып, дүкөн иштетип келишкен. Биздин чайхана түнкү саат 01:00-02:00гө чейин иштейт. Кыздар түнгө чейин иштеп, ошол жерде бир бөлмөдө жашачу. Мен ошол күнү кечинде үйгө кеткем. Эртеси келсем эки дүкөн тең жабык. Саат 13:00 чамасында кардарлар спирт ичимдигин сурап келип калды. Алардын бөлмөсүнө барсам эшиги жабык экен. Дароо балдарды чакырып, эшикти ачтырдык. 1983-жылы туулган Лира каза болуп калыптыр. Ал эми эжеси Айгүлдүн жаны бар экен, аны дароо өзүбүздүн унаа менен ооруканага алып бардык. Ошол күнү электр жарыгы өчүп, экөө сырттан шишкебектин көмүрүн алып келип, чакага жагышкан экен. Көмүрдүн газы үйдү каптап, ууланып калышыптыр», - деди К.Паязова.

Ал эми Ош ОИИБ билдиргендей, 12-январь күнү саат 13:00дө Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүнүн тургундары — 1981-жылы туулган Айгүл жанан 1983-жылы туулган Лира Өзгөн шаарындагы «Батма эне» ресторанында көмүр исине ууланып калышкан. Эже-сиңди жарык өчүп, үшүгөнүнөн шишкебек бышыруучу көмүрдү алып келип, чакага жагышкан. Каза болгон Лира эгиздин түгөйү болгон, анын артында бир уулу калды.

Учурда бул факты боюнча Өзгөн РИИБ тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө.

-----------------------------------------------------------------------------------------

Ош облусундагы Өзгөн районунда эки аял киши истүү газга ууланганы булактар аркылуу маалым болгон. Ооруканага 1981-жылы жана 1983-жылы туулган эже-сиңди жеткирилген.

Дарыгерлердин аракетине карабастан алардын кичүүсү каза болгон. Ал эми улуусу ооруканада дарыланып жатат.

Кийинчерээк Өзгөн аймактык ооруканасынын башчысы Сатар Жусупов ооруканадагы бейтаптын абалы жакшы экенин билдирген. Анын айтымында, эже-сиңди ооруканага 12-январда саат 16:30 чамасында жеткирилген. Алар Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүнүн тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×