Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Ош облусуӨзгөн району 08.01.2019 10:36 На русском

Өзгөндөгү эки айыл өкмөттүн эли таза суусуз калды (видео)

Turmush -  Өзгөн районундагы эки айыл өкмөттүн жашоочулары суусуз калды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, Зергер айыл өкмөтүндөгү жашоочулар Зергер дарыясынан алынган сууну ичип келишкен. Бирок Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы көмүр кенинен чыккан калдыктар дарыяга кошулуп, айылдыктарды таза суусуз калтырды. Жашоочулар учурда аталган сууну мал да ичпей жатканын кошумчалашты.

Алтыбай айылынын башчысы Кудайкул Дөөлөтбаевдин айтымында, 1 жумадан бери суу булганып, учурда булак издеп жатышат.

«Зергер айыл өкмөтүндө 7 айыл бар. Алар: Ничке-Сай, 1-Май, Кайрат, Алтыбай, Аюу-Сай, Токтогул, Зергер. Таза суу жоктугунан Зергер дарыясынан суу ичип келгенбиз. Учурда суу булганып, малдар да ичпей койду. Биз айыл өкмөт башчыбыз Динмухаммед Бокошев менен биргеликте жерине барып келдик. Көмүр казган компания көмүрдөн чыккан калдыктарды суунун жээгине төгүшкөн. Булактын суусу көмүр кенинен чыккан калдыктарды жарып чыгып, таштандыны кошо агызып, суу булганган. Биздин айылда 11 миң 30 адам суусуз калды. Азыркы учурда ар жерден булак издеп жатабыз», - деди К.Дөөлөтбаев.

Зергер дарыясы Жылалды айыл өкмөтүн да аралап өтөт. Учурда бул айыл өкмөттүн эли да сугат суусуз калганын айыл өкмөт башчысынын орун басары Замир Сыдыков билдирди.

«Биздин айыл өкмөттө таза суу бар. Ал эми суугат суу үчүн Зергер дарыясынын суусун пайдаланып келгенбиз. Учурда суу булгангандыктан малды сугара албай жатабыз. Айыл өкмөт боюнча 10 миң 800 жашоочу бар», - деди З.Сыдыков.

Жергиликтүүлөр белгилегендей, булганган суу Кемпир-Абад суу сактагычына кошулса, суу сактагычтагы балыктар өлүп калуусу ыктымал.

Ал эми Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Динмухаммед Бокошов комментарий берүүдөн баш тартты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×