Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Ош облусуӨзгөн району 21.12.2018 15:18 На русском

28 жаштагы Нурзат күйөөсү менен ажырашкандан кийин балдарын ала албай жатат. Жолдошунун жообу (видео)

Turmush -  28 жаштагы Нурзат Бекколиева жолдошу менен ажырашып, 2 баласын андан ала албай жатканын айтууда. Өзгөнгө келин болгон Нурзаттын кичүү баласы 6 айлык.

Анын айтымында, өзү Чаткал районунда чоңоюп, 2015-жылы өзгөндүк жигитке турмушка чыккан. Жолдошу менен Москва шаарында таанышып, 2 айдан кийин баш кошушкан. 3 жыл Москва шаарында жашап, иштеп жүрүп кыздуу болушкан. Ал эми кызы 1,5 жарым жашка чыкканда Кыргызстанга келишкен.

«Жолдошум үйдүн кичүүсү болгондуктан кайнатамдын үйүндө жашап жүрдүк. Кайненем мурда эле каза болуп калган экен. Кайнатамды карап, күйөөм менен бактылуу жашап жүрдүк. Андан кийин экинчи балалуу болдук, азыр балам 6 айлык болуп калды. Бирок кайын агам биздин жашообузга кирише берип, экөөбүздү ажыраштырды. Жолдошум агасынын сөзүнө кирип, камчы менен уруп, башымды тээп жүрдү. Акыры чыдабай, балдарымды көтөрүп үйдөн чыгып кеттим. Ажырашканыбызга 3 ай болду. Ош шаарында батирде жашап жүрсөм жолдошум туугандары менен келип, элдешүүнү сунуштап, эжесинин үйүнө алып кетишти. Буга чейин балдарымдын документи жок эле. Улуу кызымды Россияда төрөгөнүмө карабай, Кыргызстанда төрөлгөнү тууралуу документ жасатышты. Азыр эки баламды тең бербей жатышат. Кайрылбаган жерим калган жок. Жогорку бийликтен жардам сурайм», - деди Нурзат Бекколиева.

Ал эми жолдошунун айтымында, аялынын балдарды багууга шарты жок.

«Турмушта ар кандай учур болот экен. Аялым экөөбүз эки жолго түшкөнбүз. Бирок аялымдын балдарды кароого шарты жок болгонү үчүн алып койгом. Балдар кимдин колунда каларын сот чечет. Эгер сот балдарды апасына калтыруу чечимин чыгарса, балдарды берем. Эгер атасында калтыруу чечими чыкса, менде калат. Мен мыйзамды сыйлаган адаммын», - деди ал.

Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча жетектөөчү адиси Мукан Сагынбаев: «Нурзат Беккулиева буга чейин бизге кайрылган. Бул иш боюнча жолдошу менен да сүйлөшкөнбүз. Жолдошу менен кайын агасы буга чейин келин өз балдарына зыян келтирүүгө аракет кылганын айтышкан. Мындан улам балдарды атасы алып калган. Нурзат "1 жыл Россияда иштеп келем, ага чейин балдарды жолдошум карап берсин" деп кол коюп берген. Биз Өзгөн райондук социалдык өнүгүү бөлүмүнүн үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнө чейин кайрылганбыз. Алар эки тарап сүйлөшүп чечишип албаса, балдарды мамлекетке өткөрүп берүү керектигин айтышкан», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×