Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Ош облусуӨзгөн району 15.12.2018 21:08

«Мекендештер»: Москвадагы бармен Таштанбек эрежесиз эр уруш боюнча Россиянын чемпиону болду (сүрөт)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Токтоболот уулу Таштанбек. Ал Ош облусунун Өзгөн районунда 1996-жылы төрөлгөн.

Таштанбек жакында Москвада эрежесиз эр уруш боюнча өткөн чемпионатта өзбекстандык спортчу менен беттешип, чемпион аталып, кур тагынды.

«Жакында 8-декабрда Москва шаарында эрежесиз эр уруш боюнча Россиянын чемпионатында 61 кг салмактагы өзбекстандык спортчу менен беттешип, аны 4-раундда кимура ыкмасы менен жеңип, кур тагындым. Мекенибиздин желегин көтөрүп, Кыргызстандын намысын коргодум», - деди ал.

Таштанбек спорт менен Москвага барган жылдан баштап машыга баштаган.

«Беш жыл мурун Россиянын Москва шаарына келгем. Ошондон тартып эле иштеп жана спорт менен алектене баштагам. Негизи эле бала кезден бери спортчу болсом деп кыялданчумун. Буга агаларым да түрткү болду. Ошол 5 жыл аралыгында көптөгөн мелдешке чыгып, бир топ ийгиликтерди багындырдым. Тажрыйбалуу спортчулар арасында төрт жолу беттешти жеӊип, бир жолу жеӊилдим. Самбо боюнча спорттун чебери болдум. Эркин күрөштө да ийгиликтерди жараттым.

Учурда ресторанда бармен болуп эмгектенем. Эртеӊ мененки саат 9:40та жумуш башталып, кечки саат 20:40та бүтөт. А, спорт залга саат 21:00дө барып калышым керек. Ошондуктан жумуштун акыркы мүнөттөрүндө шашылып жыйналып, убакытты текке өткөрбөй, жолго камданам. Сыртка чыгып, метрого чейин чуркап барам. Метро менен жетчү жерге жетип, андан ары спорт залга автобус менен жөнөйм. Кечиккен күндөр болду. Кечиккенде отжимания жасатып жазалашчу. Кечикпегенге аракет кылам. Өзүм да кечиккенди жаман көрөм.

Мелдеш учурунда эсимде бир окуя калды. Ошондо мен 10 күндүн ичинде 10 кг салмакка арыкташым керек болчу. Ошентип салмакты азайта баштадым. Ошол кезде досторум тамак ичсе, аларды жалдырап карап калганымды өзүм сезбей калар элем», - деди ал.

Спортчу үй-бүлөдө 4 бир туугандын эӊ кичүүсү.

«Үй-бүлөдө төрт бир туугандын эӊ кичүүсүмүн. Менден улуу 3 эжем бар. 4-классыма чейин Ош шаарындагы Калмурзаев атындагы орто мектепте билим алып, кийин Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы №1 лицейде окуумду уланттым. Келечекте Кыргызстанга барып, кайсыл тармактан болбосун өзүмдүн салымымды кошкум келет. Спортто дос таптым, көптөгөн жерди көрдүм жана эӊ негизгиси сабырдуулукту үйрөндүм. Спорт – мен үчүн ден соолукту чыӊдоо жана намыска бекем болуу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×