Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Ош облусуӨзгөн району 08.12.2018 18:04

Сүрөт: Өзгөндөгү милиция бөлүмчөсүнө генерал-майор Б.Нурматовдун ысымы ыйгарылды

Turmush -  Бүгүн, 8-декабрь күнү маркум милициянын генерал-майору Базарбай Нурматовдун ысымы өзү туулуп өскөн Жазы айылындагы милиция бөлүмчөсүнө ыйгарылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага Ош ОИИБдин башчысы Малик Нурдинов, ОИИБдин кызматкерлери, Базарбай Нурматовдун жакындары катышты. Малик Нурдинов куттуктоо сөзүн сүйлөп, кызматкерлерди Б.Нурматовдой мекенге ак кызмат кылууга чакырды.

«Милициянын генерал-майору Базарбай Нурматовдун басып өткөн жолу жаш кызматкерлерге өрнөк болуп, патриоттуулукка тарбиялайт. Буга чейин ички иштер башкармалыгында кылмышкерлерди иликтөөнүн 100 жылдыгына карата Базарбай Нурматовдун атынан атайын тарыхый музей ачылган. Учурда өзү туулган айылындагы Жазы айылдык милиция бөлүмчөсүнө ысымы ыйгарылды», - деди Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.

Базарбай Нурматов 1991-жылдан тартып 1994-жылга чейин Ош ШИИБдин башчысы болуп, Ош мыйзамдуу шаар экендигин далилдеген. 1995-жылы өз ажалы менен каза болгон. Ал 30 жылдык өмүрүн кыргыз милициясына арнаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×