Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Ош облусуӨзгөн району 07.12.2018 10:58 На русском

Мырза-Аке айылындагы бала бакча жарым кылымдан кийин оңдолду (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Мырза-Аке айылында 240 орундуу «Келечек» бала бакчасынын имараты 49 жылдан соң толугу менен капиталдык оңдоодон өттү. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Раимберди Курманкулов билдирди.

Анын айтымында, аталган бала бакча 1969-жылы курулган.

«Бул балдар бакчасынын дубалдары көчүп, чатырынан суу агып калган эле. Имараттын эскилиги жеткен. Жыл сайын үстүртөдөн гана оңдолуп келген. Быйыл 2 млн 242 миң сомго жергиликтүү бюджеттен толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрдүк», - деди ал.

Мындан сырткары аталган айылда 90 орундуу «Асыл Мырза» жеке менчик бала бакчасы да ачылып, пайдаланууга берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×