Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Ош облусуӨзгөн району 19.11.2018 20:16

Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү таштанды талаа ат майданга айланат (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү таштанды ташталуучу жай ат майданга айланат. Учурда таштанды талаасы толугу менен тазаланып бүткөнүн акимдин орун басары Болот Дыйканбаев кабарчыга билдирди.

Анын айтымында Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Ана-Кызыл айылындагы 7 гектар жерге ат майданы уюштурулат.

«Ат майдан Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгине курулат. Буга чейин ал жерде көк бөрү оюндары өткөрүлүп келген. Биз ал жердин аянтын кеңейтип, бардык ат оюндары ойнолуучу жай кылууну көздөп жатабыз.

Буга чейин улак тартыш ойнолуучу жайдын четине таштанды төгүлүп келген. Аны толугу менен тазалап чыктык. Ушул жылдын 1-2-декабрында ат майдандын ачылышын жасап, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чет өлкөдөгү мекендештер үчүн банктан эсеп ачабыз. Эл колдоп берсе каражат чогултуп, көрүүчүлөр үчүн аянтча курууну пландаштыруудабыз», - деди Б.Дыйканбаев.

Ал эми аталган айыл өкмөттүн башчысы Өзгөнбай Эсенбаевдин айтымында, таштанды төгүлүүчү жай башка жакка көчүрүлөт.

«Буга чейин Ана-Кызыл айылынын тургундары ат майдан болуучу аймакка таштанды төгүп келишкен. Ал жер толугу менен тазалангандыктан, айылдан чыккан таштанды коңшу айылдын таштанды талаасына төгүлөт», - деди ал.

Төрт-Көл айыл өкмөтүндө 13 миң 477 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×