Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусуӨзгөн району 16.11.2018 15:35 На русском

Өзгөндүн 2 айылында биринчи жолу бала бакча ачылды

Turmush -  Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндөгү Карчабек жана Ак-Кыя айылдарында алгачкы жолу бала бакча ачылды. Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Авазкан Чикирбаева аймактык кабарчыга билдиргендей, айыл өкмөт тарабынан эки бала бакчага 620 миң сомдон жардам берилди.

Ал эми айыл өкмөт башчысы Кубанычбек Бакировдун айтымында, Кызыл-Тоодо жалпы 5 бала бакча бар.

«Биздин айыл өкмөттө жалпы 5 айыл бар. Учурда Кызыл-Тоо айылында 2 бала бакча, Карчабек, Ак-Кыя, Эркин-Тоо айылдарында бирден бала бакча ачылды. Бир гана Доңуз-Тоо айылында бала бакча жок.

Муктаждыктан улам Ак-Кыя менен Карчабек айылдарындагы бакчалар жеке менчик болуп ишин баштады. Жергиликтүүлөр өздөрү үйлөрүн бала бакча кылып беришкен», - деди К.Бакиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×