Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Ош облусуӨзгөн району 14.11.2018 19:13

Өзгөндүн айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурап жатат

Turmush -  Өзгөн районунун Көлдүк, Мырза-Аке, Салам-Алик, Кызыл-Туу айылдарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурап жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарчыга билдирди.

Жашоочулардын айтымында, электр жарыгы 12-ноябрь күнү эртең мененки саат 90:00дөн тарта 18:00гө чейин жок болгон. Кечээ, 13-ноябрь күнү дагы саат 09:00дөн 15:00гө чейин электр жарыгы үзгүлтүккө учураган. Жергиликтүү калк өчүрүүлөр тууралуу алдын ала эскертүү берилбей калганына нааразы.

«Ош электр» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдиргендей, 12-ноябрдан 13-ноябрга караган түнү болгон катуу бороонго байланыштуу электр жарыгы авариялык өчүрүүгө дуушар болгон. Учурда Көлдүк айылында электр зымдарын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Ал эми Салам-Алик айылында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Өзгөн райондук электр тармактар ишканасы убактылуу электр тогун өчүрүп, оңдоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×