Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 09.11.2018 15:33

Өзгөндүк 14 жаштагы Санабарбү 3 күндөн бери дайынсыз (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Мырза-Арык айылынын 14 жаштагы тургуну Санабарбү Токтосунова 3 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Санабарбү Токтосунова 6-ноябрь күнү эртең менен саат 10:00 чамасында үйүнөн Өзгөн шаарына баруу үчүн чыгып кеткен. Ал ошол бойдон кайрылып келген эмес. Санабарбүнүн апасы Жумагүл Акматова кызын издеп, бүгүн, 9-ноябрь күнү Өзгөн РИИБге кайрылган.

Кийген кийимдери: күрөң түстөгү куртка, ак түстөгү кофта, жеңи жок сырткы кийим, кара юбка, кара түстөгү бут кийим.

Санабарбүнү көргөндөр же ал тууралуу маалымат билгендер (03233) 5-06-36, 0778-48-63-58, 0556-22-22-07 (Өзгөн РИИБ) телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.

жог кыз

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×