Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 06.11.2018 09:21

Москва—Питер каттамындагы кыргызстандык айдоочулар балдарга белек таратышты

Turmush -  Кыш мезгилин утурлай Москва—Питер каттамында эмгектенген айдоочулар Өзгөндөгү Марат Раззаков атындагы мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына кышкы кийимдерди алып беришти. Бул тууралуу «Мырза-Аке жаштар биримдиги» коомдук бирикмесинин төрагасы Медер Апарханов билдирди.

«Аталган мектеп-интернатта 138 бала билим алат. Биздин мекендештер башталгыч класста окуган 68 окуучуга жылуу кийимдерди алып беришти. Мындай саамалык быйыл биринчи ирет өткөрүлүп жатат. Мындан ары дагы жардам берүүнү улантабыз. Москва—Питер каттамында эмгектенген мекендештерибиз жалпылап жардам колун сунушту», - деди ал.

Мекендештер

Мекендештер

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×