Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 28.10.2018 00:08

Өзгөндө 37 жаштагы имам баңгизат менен кармалды

Turmush -  Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүнүн Жылалды айылында 37 жаштагы имам баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-октябрга караган түнү саат 04:55 чамасында Өзгөн РИИБнин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Жылалды айылынын 1981-жылы туулган тургуну, аталган айылдын имамы С.К.нын курткасынын сырткы чөнтөгүнөн 37.6 грамм марихуана баңгизаты табылды.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Өзгөн РИИБнин кылмыш каттоо китебине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ал эми кармалган С. К. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда Өзгөн РИИБнин тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×