Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 18.10.2018 14:31

Доңуз-Тоодогу окуучулар эми 7 км алыстагы мектепке жөө каттабайт

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндө 7 чакырым жолду жөө басып, мектепке каттаган окуучулардын көйгөйү чечилди. Айыл өкмөттүн башчысы Кубанычбек Бакировдун айтымында, эми окуучулар мектепке кичи автобус менен барышат.

Доңуз-Тоо айылындагы мектеп башталгыч класстарды гана окутуп, 5-класстан жогорку класстардагы окуучулар билим алууну Кызыл-Тоо орто мектебинде улантышат.

«Биздин айыл өкмөттөгү Доңуз-Тоо айылында жашаган жогорку класстардагы окуучулар Кызыл-Тоо орто мектебине чейин жөө барганга аргасыз эле. Бул көйгөй көптөн бери чечилбей келген. Быйыл айыл өкмөттө көмүр казган ишкана айыл өкмөткө 1 кичи автобус белек кылды.

Ал унаа 10 күндөн бери жогорку класстагы 51 окуучуну акысыз ташып жатат. Айдоочу окуучуларды мектепке жеткиргенден кийин Доңуз-Тоо айылынан райондун борборуна чейин жергиликтүү тургундарды жеткирет. Айыл тургундары районго чейин айдоочуга 50 сомдон акы беришет. Ал эми айдоочу окуучуларды ташыганы үчүн акы албайт», - деди ал.

Ошондой эле айылдагы ишкерлердин колдоосу менен ички чарбалык жолдорго шагыл төгүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×