Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 17.10.2018 09:43

Өзгөндөгү унаа кырсыктан кийин 4 адам ооруканага жеткирилди

Turmush -  Кечээ, 16-октябрда Өзгөн районунун Жээренчи айылында унаа кырсык катталып, 4 адам жеңил жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 10:50 чамасында болгон. «Хонда СРВ» (номуру О2420Р) үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөгү жарылып, унаа жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 4 адам жеңил жаракаттарды алышкан. Аларга ӨКМдин куткаруучулары тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, райондук ооруканага жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×