Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 15.10.2018 13:00 Жаңыланды: 15.10.2018 13:32 На русском

Бишкек—Ош жолундагы унаа кырсыктан кийин 15 адам ооруканага түштү

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун 619-чакырымындагы жол кырсыктын кесепетинен 15 адам ооруканага түштү. Алардын ичинен экөө жаш балдар экенин Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Кечээ, 14-октябрда саат 14:30 чамасында Өзгөн районунун 1962-жылы туулган тургуну Б.К. «Мерседес-Бенц 311 CDI» үлгүсүндөгү унаасы менен Өзгөн шаарынан Мырза-Арык айылына жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан. Ал Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Шералы айылына жеткенде каршы багыттагы «Фольскваген Поло» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Экинчи унааны Өзгөн районунун 1991-жылы туулган тургуну Т.К. башкарып жүргөн.

Бул кырсыктын кесепетинен 2 айдоочу жана 13 жүргүнчү ар кандай деңгээлде жаракат алып, аларга Өзгөн райондук ооруканасындагы дарыгерлер жардам көрсөтүп жатышат. Ал эми унаа кырсыгы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, Өзгөн РИИБдин тергөөчүлөрү текшерүү иштерин башташкан.

Иллюстрациялык сүрөт пайдаланылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×