Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 11.10.2018 11:36

Өзгөндө 1,8 млн сомго курулган футбол аянтча ачылды

Turmush -  Ош облусундагы Өзгөн районуна караштуу Кароол айыл өкмөтүндөгү Кароол айылында жаңы курулган футбол аятчасы кечээ, 10-октябрда пайдаланууга берилди. Салтанаттуу ачылышка Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Алмас Мырзабеков, айылдык кеңештин депутаттары, айыл аксакалдары жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

А.Мырзабековдун айтымында, буга чейин айыл өкмөттө мындай футбол аянтча болгон эмес.

«Бул долбоор 2017-жылы жаштар тарабынан демилгеленип, эми пайдаланууга берилип жатат. Футбол аянтчага жалпы 1 млн 800 миң сом каражат сарпталган. Анын ичинен 1,3 млн сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнсө, 500 миң сому бейөкмөт уюмдардан каржыланды.

Аянтча заман талабына жооп берет, бардык шарттары менен курулган. Жаштарыбыз бош убактысын ушул жерден спорт менен машыгып өткөрсө деген ниеттебиз. Айылдагы ар кандай футбол мелдештери эми ушул заманбап аятчада өткөрүлүп турат. Аянтча айыл өкмөттүн карамагында тургандыктан, каалаган тургундар бош убактысында акысыз ойносо да болот», - деди Алмас Мырзабеков.

Учурда Кароол айыл өкмөтүндөгү 4 айылда 16,5 миң адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×