Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 03.10.2018 16:57 На русском

Баш-Дөбө айыл өкмөтүндөгү чыр. Айыл өкмөт башчынын иши Жогорку сотко чейин жетти (видео)

Turmush -  Өзгөн районундагы Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Бөдөнов айыл өкмөт башчысы кызматын аркалап жүргөнүнө Өзгөн шаарынын жашоочусу Махамадрасул Сулайманов нааразы. Мындай маалыматты бүгүн, 3-октябрда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди.

Баш-Дөбө айыл өкмөтү

Анын айтымында, айыл өкмөт башчысы 40 сотых үлүш жерди 7 жылга менчиктештирүү үчүн 50 миң сом акча сураган. Бирок Сулайманов 50 миң сом акча таба албаганы үчүн 40 сотых жердин жарымын башка бирөөгө сатып жиберерин айткан.

«Мындан бир жыл мурун мен союз убагынан бери пайдаланып келе жаткан жеримди 7 жылга менчиктештирүү үчүн Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысына баргам. Андан жердин наркы канча болот деп сурагам. Ал мага "50 миң сом бересиң" деген. Бирок мен анча суммадагы акчаны таба албастыгымды айтып, арзандатып берүүнү сурандым. Ал андан аз акчага бере албасын айткан. Кийин мага телефон чалып: "Акча таптыңбы, болбосо жериңдин жарымын башка бирөөгө сатып жиберейин" деп айтып, бөлмөсүнө чакырган. Ага чейин мен УКМКнын Ош шаарындагы кызматкерлери менен сүйлөшкөм. Андан кийин айыл өкмөттүн бөлмөсүнө 30 миң сом акча менен барып, акча менен бирге аны УКМКнын кызматкерлери кармашты.

Бүгүнкү күндө Ош шаардык соту, Ош облустук соту айыл өкмөт башчыны айыптуу деп тапканына карабай ал өз кызматын аркалап жүрөт», - деди М.Сулайманов.

Ош шаардык соту Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын айыптуу деп тапкан. Андан кийин бул иш Ош облустук сотунда каралып, облустук сот да шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган болчу.

Ал эми М.Сулаймановдун жактоочусу Юруслан Истановдун айтымында, бул иш Жогорку сотко дагы жеткен.

«Ош шаардык, облустук соту айыптуу деп таап, 3 жылга жумушунан четтетүү чечимин чыгарганына карабай иштеп жүрөт деп айтып жатышат. Айыпталып жаткан тарап Жогорку сотко кайрылыптыр. Жогорку сот ишти кайра каралсын деген чечимин чыгарган. Демек, Жогорку сот айыл өкмөт башчыны актаган жок. Ошондуктан айыл өкмөт башчысы кызматын аркалабашы керек», - деди Ю.Истанов.

Айыл өкмөт башчы учурда кызматын аткарып жатканын Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиев да тастыктады.

«Аталган айыл өкмөттүн башчысы мени коркутканы жалган сөз. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы эки күндөн бери иштеп жатат. Анткени Жогорку соттун чечими келген. Анын негизинде Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы өз кызматында иштеп жатат», - деди Б.Алайчиев.

Ал эми айыпталып жаткан айыл өкмөт башчысы айтылган сөздөрдү толугу менен четке кагып, Сулаймановдун өзүн айыптады.

«Азыр соттук териштирүүлөр болуп жатат. Мен убактылуу иштен бошотулгам.

Сулайманов буга чейин сугат жерден 1 гектар 20 сотых жерге жасалма документ жасап, сатып жүргөн. Азыр анын 1 гектар 20 сотых жерге жасалма документ жасаганын Өзгөн райондук прокуратурасы аныктады. Ал эми мен эч кандай пара менен кармалган эмесмин», - деди Кубанычбек Бөдөнов.

Буга чейин Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Бөдөнов ээлеген кызматынан убактылуу четтетилгени маалымдалган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×