Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 25.09.2018 09:35 На русском

Өзгөндө 43 жаштагы аял жыгылып, курсагын жүгөрүнүн сөңгөгү тилип кетти

Turmush -  Өзгөн районундагы Большевик айылынын тургуну курсагына миздүү буюмдан алган жаракаты менен ооруканага жеткирилген болчу. Ал кокустан жыгылып, курсагын жүгөрүнүн сөңгөгү тилип кеткени айтылууда. Бул маалыматты Ош ОИИБден тастыкташты.

Маалым болгондой, 1975-жылы туулган С.Б. (аял киши) үйүнүн короосунда жыгылган. Ал дароо ооруканага жеткирилип, учурда абалы жакшы. Бул окуя тууралуу Өзгөн РИИБге 22-сентябрь күнү маалымат түшүп, кокустук катары катталган.

Буга чейин Өзгөн районунда өз өмүрүнө кол салуу боюнча 1 күндө 2 факты болгону маалымдалган эле. С.Б. жаракат алса, 14 жаштагы өспүрүмдүн денесин үйүндө асылып турган жерден табышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×