Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 24.09.2018 13:56

Өзгөндөгү 8 айылда таза суу чыгарылды

Turmush -  Өзгөн районундагы 8 айылдын жашоочулары таза суу менен камсыз болушту. Райондогу Кароол, Жээренчи, Жаңы-Жол, Кызыл-Кырман, Салам-Алик, Тосой, Шералы, Прогресс айылдарында суу түтүктөрүн орнотуу жана реабилитациялоо иштери жүргүзүлдү, деп маалымдайт райадминистрация.

Долбоор чет өлкөлүк уюмдардын көмөгү менен ишке ашырылып, жалпы сметалык баасы 8 млн 200 миң сомду түзөт. Анын ичинен 70 пайызы демөөрчүлөр тарабынан каржыланса, 30 пайызын жергиликтүү тургундар чогулткан.

Долбоордун жыйынтыгы менен аталган айылдардагы 7 миңге жакын калк таза суу менен камсыздалды. Ошондой эле республикалык бюджеттин каржылоосу менен райондогу элге толугу менен таза суу жеткирүү аракеттери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×