Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 21.09.2018 17:56

Буту баспаганына карабай 2 китебин жарыкка чыгарган Эхтираз фестивалда баш байгени алды (сүрөт)

Turmush -  Республикалык «Мүмкүнчүлүгүбүз чексиз» фестивалынын жеңүүчүлөрү 17-сентябрда Бишкек шаарында аныкталды. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген таланттардын арасындагы фестиваль 2010-жылдан бери уюштурулуп келет. Бул жолу да 4 баскычта өтүп, акырында эң мыктылар тандалган.

Ал эми фестивалдын алкагындагы поэзия сынагынын баш байгесин 27 жаштагы Эхтираз Сүйөркул кызы ээледи.

«Ар жылы Кыргызстандын жети облусунда өткөрүлүп келе жаткан сынак быйыл Бишкек шаарында жыйынтыкталды. Сынак эстрада, поэзия, фольклор, бий жаатында болуп, ар бир бөлүк боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Жалпысынан 21 талант катышты. Баш байгени алгандарга акыркы үлгүдөгү сыналгыларды тапшырышты.

Өзүм Өзгөн районунун Зергер айылынан болом. Окуганды, жазганды апам үйрөткөн», - деди Эхтираз.

Буга чейин Эхтираз Сүйөркул кызы эки ырлар жыйнагын жарыкка чыгарган. Атасынын каржылоосу менен 2014-жылы «Шоола», 2015-жылы «Канатым бар» деген аталыштагы китептери жарык көргөн болчу.

Эхтираз 1-топтогу майыптыгына карабай жашоону элден өзгөчө сүйөт. Акын кыз 3 жашка чейин зирек, чарчоону билбеген, өзү теңдүүлөргө салыштырмалуу чыйрак кыз болуп өскөн. 3 жашында күтүлбөгөн жерден чалынып жыгылып, жеңил жаракат алган. Алгач ага өзү да, ата-энеси да маани берген эмес. Убакыттын өтүшү менен буту акырындап ооруп, бутун сүйрөп баса баштаган. Аны көргөн ата-энеси жергиликтүү дарыгерлерге кайрылышкан эле. Ошондон тарта анын жашоосунда бурулуш болду...

Буга чейин Turmush басылмасынын кабарчысы Эхтираз менен маектешкен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×