Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 21.09.2018 17:10 На русском

Достук зыяраты: Өзгөндөгү аксакалдар улуттар аралык мамилени чыңдоого көмөктөшөт (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 21-сентябрда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясында диний экстремизмди алдын алуу, жаштар арасында кылмыштуулукту болтурбоо жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо максатында кеңешме болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кеңешмеге мекеме-уюмдардын жетекчилери, күч органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, жергиликтүү кеңештердин, аксакалдар кеңештеринин төрагалары, мечиттердин имамдары, спорттук клубдардын жетекчилери катышты. Алар диний экстремизмди алдын алуу, жаштар арасында кылмыштуулукту болтурбоо жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоодо жалаң гана мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттери менен эле чектелбестен, жалпы коомчулукту тартуу зарылдыгын белгилешти.

Өзгөн райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Эшмамбет Абдраимов улуттар аралык мамилелерди чыңдоо максатында шаардагы жана айыл жергесиндеги аксакалдар менен достук зыяраттарды өткөрүүнү сунуштады.

Ал эми аким Бактыбек Алайчиев жогорудагы маселелер боюнча аткарылып жаткан иштерде аксакалдардын ролу чоң экендигин белгиледи. Ал спорттук клубдарга мониторинг жүргүзүү жана алардын ишмердүүлүгүн мыйзам чегинде иретке келтирүүнү сунуштады.

Кеңешменин жыйынтыгында айтылган сунуштар кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×