Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 18.09.2018 21:24 На русском

Өзгөндө Көчмөндөр оюндарында жеңүүчү болгон спортчулар сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 18-сентябрда Өзгөн районунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1-орунга татыктуу болгон спортчуларды тосуп алуу аземи өттү. Бул тууралуу Өзгөн райондук администрациясынан билдиришти.

Өзгөн районунун акими, жергиликтүү тургундар көк бөрү боюнча курама команданын оюнчулары — Манас Ниязов, Айбек Темирбаевди жана алыш күрөшү боюнча кыздар арасында 1-орунду багындырган милициянын лейтенанты Нурзат Бактияр кызын салтанаттуу тосуп алышты.

Б.Алайчиев спортчуларды жеңиши менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Муну менен катар эле 3 спортчуну райондун ардак грамотасы, ыраазычылык каты жана акчалай сыйлыктар менен сыйлады. Иш-чара концерттик программа менен улантылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×