Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 18.09.2018 09:33 На русском

Сүрөт, видео —Өзгөндөгү Карахандар дооруна таандык тарыхый курулуштар

Turmush -  Өзгөн архитектуралык-археологиялык музей комплексинде Карахандар дооруна таандык өзгөчө архитектуралык курулуштар сакталып калган. Алардын бири — Өзгөн мунарасы.

Мунаранын бийиктиги 17 метрди, сегиз бурчтуу пайдубалынын бийиктиги 4 метрди түзөт. Мунара ага катарлаш жайгашкан 3 мавзолейден кийин курулган. Ал эми алардын ичинен эң байыркысы болуп ортоңку мавзолей эсептелет.

Өзгөн архитектуралык музей комплексиндеги курулуштар Карахандар дооруна таандык болуп, хандыктын ошол кездеги архитектуралык жактан өнүккөндүгүн айгинелейт. 2016-жылы мавзолейдин артына кошумча музейдин имараты курулган.

Маалымдама:

Орто Азиядагы архитектуралык эстеликтердин изилдөөчүсү Борис Засыпкин ортоңку мавзолей сырткы түзүлүшү боюнча эң алгачкы мавзолей экендигин айткан. Окумуштуунун ою боюнча, мавзолей шаардык көрүстөндүн кире бериш дарбазасы катары тургузулган. Ал 1920-жылдары калыбына келтирилген. Ортоңку мавзолей бир нече ирет оңдолуп-түзөлгөнүн курулушка колдонулган кирпичтерден байкоого болот.

Мавзолей планы боюнча квадраттык формагы ээ. Ички дубалдардын узундугу 8,5-8,54 метр, тышкы бөлүгү 11,44-11,28 метр. Курулуштун бардык бурчунда колонналар бар. Мавзолейдин бийиктиги 13 метрге жетет жана анда 3 эшик орун алган, бирок бир дубалда эшиктин орду гана бар. Ар бир эшик жебе түрүндөгү арка менен аяктайт. Ал эми мавзолейдин төбөсү жана дубалдары чопо менен шыбалып, абдан кооз оймо менен кооздолгон. Комплекстин башка бөлүктөрү жакшы изилденген эмес.

Ортоңку мавзолейдин ички бөлүгүнүн кооздугу жакшы сакталып калган, анын айрым жерлеринде диний мазмундагы тексттер кездешет. Мавзолейдин адамдын белине чейинки бийиктиги бышкан кирпич менен тургузулуп, шыбалган эмес. Ал XI кылымга таандык Карахандар доорундагы эң маанилүү архитектуралык имарат.

Ал эми түндүк мавзолей 1152-жылдары курулган. Булактардагы маалыматтарда мавзолейде Кылыч Бурхан хан (карахандар) атасы жана энеси менен коюлганы айтылат. 1920-жылдары окумуштуу Александр Якубовский түндүк жана түштүк мавзолейдеги жазууларды чечмелеп, алардын датасын аныктаган.

Ортоңку мавзолей менен Түндүк мавзолей курула баштаган мезгилде бир кылымдай убакыт өткөн. Бул убакыттын ичинде көптөгөн мавзолейлер, мечиттер тургузулуп, архитектура андан ары өнүккөн.

Өзгөн мавзолейинен 50 метр алыстыкта мунара жайгашкан. Мунара башынан аягына чейин бышкан кирпич менен тургузулган. Кирпичтер бири-бирине чопо ылай менен ашталган (карматылган). Өзгөн мунарасы мавзолейлерден кийинчерээк курулгандыгын байкоого болот. Себеби Бурана мунарасын тургузууда кетирилген каталар кайталанган эмес.

Булак: Википедия

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×