Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 17.09.2018 21:09

Жер көчкү түшкөн Аюу-Сай айылындагы окуучулар ижарага алынган үйлөрдө окуп жатат

Turmush -  Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн Аюу-Сай айылында окуучулар турак үйлөрдө билим алып жатышат. 2017-жылы 27-апрелдеги жер көчкүдөн кийин Аюу-Сай айылындагы №33 Буажан Тешебаев мектеби жараксыз деп табылып, ошол убактан бери айыл өкмөт жеке үйлөрдү ижарага алып, окуучуларга билим берип келишет.

Аталган мектептин директору Аскар Хакимовдун айтымында, быйыл 5 үйдү ижарага алышкан.

«2017-жылы көчкү жүргөндөн кийин мектеп кооптуу деп табылган. Ошол учурдан баштап окуучуларга жеке үйлөрдө, чатырларда билим берип жүрдүк. Азыркы учурда 5 турак үйдү ижарага алып, 23 мугалим эмгектенип жана 276 окуучу билим алып жатышат. Ар бир үй үч-төрт бөлмөдөн турат. Китепкана, ашкана өзүнчө үйлөрдө. Үйлөргө мештер коюлган, кыш мезгилинде бөлмөлөргө от жагып жылытабыз.

Учурда Аюу-Сай айылында 150 орундуу жаңы мектеп куруулуда. Жаңы жылга чейин жаңы мектепке кирсек деп үмүттөнүп жатабыз», - деди ал.

Учурда жаңы мектептин имаратынын чатыры жабылып, курулуш иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×