Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 17.09.2018 10:40 На русском

Түшүм жыйноо мезгили: Өзгөн күрүчүн ортомчулар эки эсе кымбат сатышууда, - дыйкан (сүрөт, видео)

Turmush -  Өзгөн районунун калкынын жарымы күрүч өстүрүү менен алектенишет. Район боюнча жалпы 3 миң 200 гектар жерге күрүч өстүрүлөт. Жергиликтүү тургундардын ар бири эң аз 30 сотых жерге күрүч өстүрсө, эң көбү дээрлик 5 гектарга эгет.

Өзгөн районунун Жазы айыл аймагынын жашоочусу Акимали Акматовдун айтымында, учурда түшүм жыйноо башталды.

«Алгач күрүчтү оруп алабыз. Орточо эсеп менен алганда 1 адам күнүнө 10 сотых жердеги шалыны оро алат. Орулуп бүткөндөн кийин унаага жүктөп, кырманга алып келебиз. Кырманда аны тазалайбыз. Учурда буга окшогон иштер аткарылып жатат. Өзгөндө күрүч жыйноо мезгили башталды», - деди А.Акматов.

Күрүч талааларынын басымдуу бөлүгү Кызыл-Октябрь, Кароол, Баш-Дөбө, Төрт-Көл, Жазы, Жылалды, Дөң-Булак айыл аймактарынан орун алган.

«Өзгөн районундагы күрүч талааларынын көпчүлүк бөлүгү 7 айыл аймакта жайгашкан. Район калкынын жарымы күрүч өстүрүү менен алектенишет. Мындан сырткары мал чарбачылыгы менен алектенгендер да жок эмес. Анан калса жергиликтүүлөр күрүч өстүрүү менен эле чектелбестен, жүгөрү, беде айдашат», - деди Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиев.

Жергиликтүү тургундар 1 гектар жерден 3 тонна шалы, 1,5 тонна күрүч алышат. Ал эми район боюнча жалпы күрүч талаасынан 10 миң тонна шалы, 5 миң тонна күрүч жыйналат.

Дыйкандардын айтымында, күрүчтүн баасы жеринде 50 сомдон 70 сомго чейин сатылып жатат. Алар ортомчулардын колунан күрүчтүн баасы эки эсе кымбаттап жатканына нааразы.

«Учурда жеринде 1 кг күрүч 70 сомго чейин сатылып жатат. Бирок ортомчулардын колуна өткөндөн кийин күрүчтүн баасы эки эсеге көтөрүлүүдө. Биз да жеринен 1 кг күрүчтү 100 сомдон сатсак, орокчулардын акчасын, өзүбүздүн чыгымыбызды да актаган болот элек. Бирок сатып алуучулар жеринен 100 сомдон алышпайт экен», - деди дыйкан Акимали Акматов.

Өзгөн районунун калкынын саны 265 миң адамга жетет. Алардын дээрлик жарымынан көбү күрүч өстүрүп, ал эми калганы мал чарбачылыгы менен алек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×