Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 31.08.2018 19:19 На русском

Маданият айылында 1,8 км жолго жергиликтүү бюджеттен асфальт төшөп башташты

Turmush -   Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Маданият айылындагы 1 км 800 метр жолго асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Канат Зулумов билдирди.

Анын айтымында, Маданият айылындагы Малик Калматов көчөсүнө союз учурунда асфальт төшөлгөн.

«Мурун бул көчөдө асфальт бар эле. Кийин жол бузулганда асфальттар алынып, шагыл төгүлгөн. 2 жылдан бери асфальтталат деп айтылып келген эле. М.Калматов көчөсүн асфальттоо иштери эми башталды», - деди ал.

Буга чейин аталган айыл өкмөттүн башчысы Жалалидин Нурбаев жолду асфальттоого жергиликтүү бюджеттен 5 млн 950 миң сом каражат бөлүнгөнүн билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×