Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 28.08.2018 16:39 На русском

Сүрөт, видео — Өзгөндө салмагы 31 кг балыкты сатыкка чыгарышты

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунун аймагындагы Кемпир-Абад суу сактагычынан салмагы 31 кг балык кармап алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жашоочу Талантбек Батыркулов билдирди.

Анын айтымында, аталган суу сактагычтан 100 кг чейинки балыктар кармалып сатылууда. Кемпир-Абад суу сактагычы Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө жайгашкан. Суу сактагычта балыктардын түрлөрү бар. Көпчүлүк учурда жергиликтүүлөр суу сактагычтан балык кармап, аны жол боюнда сатышат. Кээ бир үй-бүлөлөр үчүн балык кармап сатуу негизги кирешеси болуп эсептелинет.

«Кемпир-Абад көлүнөн кармалган салмагы 31 кг балыкка күбө болдум. Ал жерде 90 килограммга чейин жеткен балыктар кармалып жатыптыр. Алгач ишенген жокмун. Анткени мындай чоң балыктарды сыналгыдан гана көрүп жүргөнбүз. Балыктардын мындай чоңойгонуна күбө болуп, биздин өлкөдө дагы балык бизнесин жакшы өнүктүрсө боло тургандыгына ынандым», - дейт Талантбек Батыркулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×