Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 22.08.2018 11:07

Өзгөндө курулушу 9 жылга созулган 700 орундуу маданият үйү пайдаланууга берилет

Turmush -  Өзгөн районунун Чангет айыл өкмөтүнө караштуу Чангет айылындагы 700 орундуу маданият үйү пайдаланууга берилет. Курулушу 9 жылга созулган имараттын учурда отургучтарын коюу иштери гана калганын айыл өкмөттүн башчысы Максуталы Ниязов билдирди.

Анын айтымында, быйыл маданият үйүнө жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом бөлүнгөн.

«Маданият үйүнүн курулушу 2009-жылы башталып, 2011-жылы чатыры жабылып бүткөн. Ортодо каражат бөлүнбөй, токтоп калган. 2017-жылы ички, сырткы оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, терезе-эшиктер орнотулуп, жылуулук түтүктөрү киргизилген. Учурда отургучтарды 4 жумушчу орнотуп жатат. Отургучтар коюлгандан кийин пайдаланууга беребиз», - деди М.Ниязов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×