Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 16.08.2018 13:26 На русском

Өзгөндө «Портер» аласалып, 21 жаштагы жигит каза болду (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунда «Хендай Портер» унаасынын катышуусундагы жол кырсыктын кесепетинен 21 жаштагы жигиттин өмүрү кыйылды. Ал окуя болгон жерде каза болуп, 3 адам ооруканага жеткирилген. Бул кырсыкты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, 16-августка караган түнү саат 01:10 чамасында Өзгөн районунун Дөң-Булак айылынын 1989-жылы туулган тургуну А. уулу Н. өзүнүн «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаасын Мырза-Аке айылын көздөй башкарып бара жаткан. Мырза-Аке—Кара-Шоро унаа жолунун 17-чакырымына жеткенде башкарууну жоготуп, унаа жолдун сол тарабына оодарылып кулаган.

Анын кесепетинен жүргүнчү Мырза-Аке айылынын 1997-жылы туулган тургуну Д.А. окуя болгон жерде каза болду. Ал эми автоунаанын ичиндеги жүргүнчүлөр 2001-жылы туулган М.Ж., 1999-жылы туулган Ж. уулу У. жана 2000-жылы туулган З. уулу И. ар кандай деңгээлде жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген.

Өзгөн РИИБ тарабынан тиешелүү экпертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×