Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 31.07.2018 17:01

Төрт-Көл айыл өкмөтүндө майда жандыктар үчүн мончо курулду (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүндө майда жандыктарды ар кандай оорулардан сактоо максатындагы демилге менен курулган мончо пайдаланууга берилди. Аталган айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Муратбек Кыргызбаевдин айтымында, бул мончодо майда жандыктар ар кандай ооруларга каршы жаз-күз айларында дарылануудан өткөрүлүп турат.

«Айыл өкмөт боюнча 16 миң 600 баш майда жандык бар. Койлор тери ооруларынан, кенелерден арылтуу үчүн жылына эки ирет тазаланып турат. Муну менен биз малдарды оорулардан сактайбыз», - деди М.Кыргызбаев.

Ветеринар Нурбек Өзгөнбай уулунун айтымында, бул мончодо күнүнө 1,5 миңге чейинки малды кабыл алууга болот.

«Мончо 2 тонна сууга ылайыкталган. 2 тонна сууга атайын аралашма даярдалып, майда жандыктар салынат. Ар бир койду сууга салууга 25 сомдон төлөнөт», - деди Н.Өзгөнбай уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×