Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 31.07.2018 13:21

Өзгөндө ЕАЭБдин талаптарына жооп берген мал союучу цех курулуп жатат (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунда ЕАЭБдин талаптарына жооп берген « Касым-Ата» мал союучу цехи курулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган цехтин иш жүргүзүүчүсү Касымжан Маматов билдирди.

Анын айтымында, аталган жайда бир күндө 40 бодо, 80 майда мал союлат.

«Бул жайды курууга банктан 11 млн сом насыя алдык. Цех Евразиялык экономикалык биримдиктин бардык талаптарына ылайык салынып жатат. Жабдуулар Россия мамлекетинен алынып келди. Курулуш иштери өткөн жылдын сентябрь айында башталган болчу. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Ал толугу менен бүткөндө 40 адам жумуш менен камсыз болот», - деди К.Маматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×