Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 27.07.2018 16:19

Жылалды айылындагы жалгыз мамлекеттик бала бакчанын курулушу 3 жылдан бери бүтпөй турат

Turmush -  Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүндөгү мамлекет тарабынан салынып жаткан жалгыз бала бакчанын курулушу 3 жылдан бери бүтпөй жатат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Рахат Маматова билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөттө бир да мамлекеттик бала бакча жок.

«Биздин айыл өкмөттөгү Красный-Маяк айылында бир жеке менчик бала бакча бар. Ал эми Жылалды айылында бир дагы бала бакча жок. Мындан улам 3 жыл мурун 64 орундуу бала бакчанын курулушу башталып, пайдубалы тургузулган бойдон токтоп калган. Бала бакча капиталдык салымдын эсебинен курулуп жаткан. Акыркы жылдары каражат бөлүнбөй иш токтоп турат. Биз кат аркылуу жыл сайын кайрылып келебиз», - деди Р.Маматова.

Красный-Маяк айылында 60 орундуу жеке менчик бала бакча ачылып, 4 жылдан бери иштеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×