Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 23.07.2018 15:36

Өзгөндүн Ак-Терек айылындагы 3 жылдан бери курулушу бүтпөгөн мектеп урап баштады, - жашоочулар (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылындагы 150 орундуу П.Жакыпов атындагы орто мектебинин курулушу бүтө электе шыбактары көчө баштады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Жашоочулардын айтымында, балдары 2 жылдан бери авариялык абалдагы мектепте окуп келишет. Алар жаңы мектептин курулушу быйыл дагы бүтпөй калуусунан кооптонушууда.

«Биздин айылда 1980-жылы мектеп курулган. Мектептин жыгач дубалдары чирип, кулап калуу коркунучунда турат. 2015-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан авариялык абалда деп табылган. Айла жок кудай-кудай деп балдарыбызды мектепке жөнөтүп келебиз. Жаңы мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Ал план боюнча 2016-жылдын 1-сентябрында пайдаланууга берилиши керек болчу. Бирок мектеп 2018-жылдын жаңы окуу жылында да ишке берилбей калышы күтүлүүдө. Анткени мектептин имараты сапатсыз курулган. Январь-декабрь айларында шыбалган шыбактары көчүп жатат. Жылытуу системасына койгон от казан дагы сапатсыз, кубаттуулугу аз жана сертификаты жок. Спорт залдын шыбактары бүтө элек, спорт аянтчасынан дайын жок», - дешти жергиликтүүлөр.

Ал эми аталган мектептин директору Касым Жусупбековдун айтымында, каржы маселеси толугу менен чечилбегендиктен курулуш иштери жай жүрүп жатат.

«Мектептин жалпы сметалык баасы 63 млн сом болгон. Учурда 51 млн сому которулуп, иш жүрүп жатат. Мектептин окуу имараты толугу менен бүткөн. Шыбак иштери кыш айларына туура келип калгандыктан айрым окуу бөлмөлөрүнүн шыбагы көчүп, кайрадан шыбалып жатат. Каражат толук бөлүнбөгөндүктөн спорт залынын терезелери, полдору коюла элек», - деди К. Жусупбеков.

Аталган мектеп 2015-жылы «Жер үй» алтын кенинин эсебинен республика боюнча курулуучу 100 мектептин катарына кирип, 63 миллион сомдук долбоор менен курулушу башталган. Өткөн жылы 29-сентябрда мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мектептин курулуш иштери менен таанышкан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×