Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 23.07.2018 14:01 На русском

Б.Дыйканбаев Өзгөн районунун акиминин орун басары болуп дайындалды (сүрөт)

Turmush -  Болот Дыйканбаев Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Өзгөн райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Эрмекбай Полотбеков билдирди.

Анын айтымында, акимдин жаңы орун басары бүгүн, 23-июлда жамаатка тааныштырылды.

Буга чейин Өзгөн районунун акиминин орун басары кызматын Бактыбек Алайчиев аркалап жаткан болчу. Ал эми Б.Алайчиев учурда Өзгөн районунун акими болуп иштеп жатат.

Болот Дыйканбаев Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы, Жазы айылдык кеңешинин депутаты, Жазы айылдык кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген. Акыркы убактарда жеке ишкерлик менен алектенип жүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×