Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ош

Куршаб айыл өкмөтү 3 айылды жарыктандырууга 1 млн сом бөлдү

Turmush -  Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндөгү 3 айыл толугу менен түнкүсүн жарык берүүчү жабдуулар менен камсыздалат. Учурда бул айылдардагы негизги 10 көчө жарыктандырылып бүттү.

Айыл өкмөттүн башчысы Алтынбек Ташиевдин айтымында, айыл өкмөт боюнча жалпы 90 көчө бар.

«Быйыл жергиликтүү бюджеттен түнкү жарыктандырууга 1 млн сом каралган. Элдин жардамы менен биргеликте демилгени ишке ашырып жатабыз. Айыл өкмөт боюнча 5 айылда 90 көчө бар. Учурда Куршаб-1, Куршаб-2, Куршаб-3 айылдарынын негизги көчөлөрүндө түнкүсүн жарыктандыруучу жабдуулар орнотулууда. Мындан сырткары Шагым, Кайнар айылдары да жарыктандырылат. Буга чейин Куршаб-1 айылынын негизги көчөсү гана жарыктандырылган эле», - деди А.Ташиев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 371
Көп окулду
×