Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 15.06.2018 08:34 На русском

Куршаб—Жалпак-Таш жолунда сел алган көпүрө 10,6 млн сомго жаңыртылды

Turmush -  Өзгөн районундагы Куршаб—Жалпак-Таш жолунун 7-чакырымына көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. №959 жол тейлөө ишканасынын башчысы Данияр Пирматовдун айтымында, мурунку көпүрөнү 2017-жылы катуу жааган жаандан кийинки сел алып кеткен эле.

«Өзгөн районунда өткөн жылы жаан-чачын көп болду. Катуу жааган жаан Куршаб—Жалпак-Таш жолунун 7-чакырымындагы көпүрөнү алып кеткен. Жаңы көпүрөнү куруу иштери ушул жылдын март айында башталып, эми пайдаланууга берилди. Ага мамлекеттик бюджеттен 10 млн 636 миң сом каралып, узундугу 9 метр, туурасы 7 метрге жетти», - деди Д.Пирматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×