Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 24.05.2018 13:12 На русском

Мечиттеги жаңжал: 67 жаштагы айылдашы бычак сайган тургун ооруканага түшкөн

Turmush -  Өзгөн райондук соту 67 жаштагы Аргендин (аты өзгөртүлдү, Т.А.) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгону соттун токтомунда айтылат.

Маалыматка караганда, соттолуучу ушул жылдын 26-февралында саат 14:15 чамасында Красный-Маяк айылында мечиттин 1978-жылы туулган өкүлү Данияр (аты өзгөртүлдү, Д.И.) менен мушташып, андан кийин анын колуна жана бетине бир нече жолу бычак сайып жиберген. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканга түшкөн.

Соттолуучунун айтымында, жабырлануучу экөө айылдаш болот. Алар мечитте бирге намаз окушат. «Мечиттеги электр жарыгы үчүн чогулган 400-500 сомду төлөйүн деп таппай калдым. Мечитке келген аксакалдарга акчаны уурдап алган адамга дуба окууну сунуштасам, алар баш тартышты. Анын кесепетинен кайым айтыша кеттик. Анын жүрүшүндө Данияр мени чаап жиберди. Андан кийин жанымда алып жүргөн бычак менен аны сайып жибердим. Данияр экөөбүз элдештик, чыгымды төлөп бердим. Ал тосмо арыз жазып берген», - деди соттолуучу.

Ал эми жабырлануучу Даниярдын айтымында, соттолуучу окуя тууралуу болгон чындыкты айткан жок. «Ал күнү мен аны биринчи урган эмесмин. Экөөбүз кайым айтыша кетип, аны түртүп койгом. Арген бычагын алып чыгып, сайып жибергенде эс-учумду жоготтум. Дагы дарыланышым керек, колум эми кыймылдап баштады. Бүгүнкү күндө соттолуучуга доом жок, тосмо арыз жазып бергем», - деди ал.

Жыйынтыгында сот Аргенди 1 жыл 6 ай сыноо мөөнөтү менен 5 жылга эркиндигинен ажыратты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×